Кыргызча
Русский
Ысык- Көл облусуна болгон иш сапар
Бүгүн 23.01.2018 жылы Кыргыз Республикасынын Адвокаттар кеңешинин төрагасы Б.С.Райымкулов, кеңештин мүчөлөрү Э.А. Ли, Ч.А.Темирбаева, М.А.Бегилерова, этика комиссиясынын мүчөсү З.О.Арналиевалар Ысык- Көл облусунун Адвокаттар башкармалыгынын төрагасы О.К.Джаркимбаев жана аймактык Адвокатуранын адвокаттары менен жолугушуп, пикир алмашуу болду. Андан соң Ысык- Көл облусунун сотунун төрагасы А.К. Молдакунов, Каракол шаарынын мэри Д.К. Арпачиев, Ысык- Көл облусунун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Д.Ч.Монолдоров менен жолугушулар болуп көптөгөн аймактык Адвокатура жана адвокаттык ишмердүүлүк боюнча суроолор талкууланып, жемиштүү пикир алмашуу болуп, мындан ары дагы келечекте кызматташуу боюнча макулдашуулар болуп өттү.