Совет адвокатов Адвокатуры Кыргызской Республики сообщает

24.04.2024-жылы Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда үч жашар кыздын өлүмү боюнча сот залында каргашалуу окуя болгон. Жабырлануучу тараптын туугандары Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын мүчөлөрүнүн бири, адвокат Э.А. Иманкуловду кемсинтип, кол салышкан.

Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын Адвокаттар кеңеши тарабынан реакция  иретинде каттар жөнөтүлдү:

1.    Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору  К. Т. Зулушовго

2.    Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы З. К. Базарбековго

3.    Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри, милициянын Генерал-лейтенанты  У.О. Ниязбековго

Катта адвокаттын кесиптик милдеттерин аткарууда анын коопсуздугун камсыз кылуу маселеси маанилүү маселе экенине көңүл бурулган. Адвокат өз кардарларынын натыйжалуу укуктук корголушун камсыз кылуу жана сот адилеттигин илгерилетүү үчүн өзүнүн жеке коопсуздугунан коркпостон өз ишин эркин аткара алышы керек.

Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын адвокаттар кеңеши жогоруда аталган мамлекеттик органдардан адвокаттын арызын жеке контролго алууну, мыйзамга каршы болгон жосундун бардык катышуучуларын жоопкерчиликке тартууну, ошондой эле адвокаттардын коопсуздугун жана үч жашар кыздын өлүмү фактысы боюнча каралып жаткан кылмыш иши боюнча соттук териштирүүдө коомдук тартиптин сакталышын камсыз кылууну суранды.

 

24.04.2024 г. в Октябрьском районном суде г. Бишкек по делу о смерти трехлетней девочки, в зале суда произошел вопиющий случай. Родственники потерпевшей стороны начали оскорблять и напали на одного из членов Адвокатуры Кыргызской Республики, адвоката Э. А. Иманкулова.

Советом адвокатов Адвокатуры Кыргызской Республики как реакция на произошедшее были направлены письма:

1.    Генеральному прокурору Кыргызской Республики Зулушову К. Т.

2.    Председателю Верховного суда Кыргызской Республики Базарбекову З. К.

3.    Министру внутренних дел Кыргызской Республики Генерал-лейтенанту милиции Ниязбекову У. О.

В письмах было обращено внимание, на то, что вопрос обеспечения безопасности адвоката во время выполнения его профессиональных обязанностей является важной задачей. Адвокат должен иметь возможность свободно выполнять свою работу без страха за свою личную безопасность, чтобы обеспечить эффективную правовую защиту своих клиентов и содействовать правосудию.

Совет адвокатов Адвокатуры Кыргызской Республики обратился вышеуказанные государственные органы с просьбой, взять под личный контроль заявление адвоката, привлечь всех участников противоправного деяния к ответственности, а также обеспечить безопасность адвокатов и охрану общественного порядка в судебном разбирательстве по уголовному делу, рассматриваемому по факту смерти трехлетней девочки.