Орозо Айт маарек болсун!

Урматтуу адвокаттар!  

 

Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын адвокаттар кеңеши сиздерди ыйык Орозо Айтмайрамыңыздар менен куттуктайт!  

 

Бул жаркын күн – ырайымдуулуктунсабырдуулуктун жана боорукерликтин белгисиОрозо Айт адилеттүүлүктүн жанаакыйкаттуулуктун маанисин дагы бир ирээт эске салып,  жүрөктөрдү тазалыкка жана биримдиккечакырган улуу  майрам. 

 

Коомубузда мыйзамдын үстөмдүгү бекемделипукуктук маданият терең тамыр жайып, ар биржарандын укугу корголгон адилеттүү коомкалыптансын!

 

Ушул ыйык күндө сиздерге бекем ден соолукүй-бүлөлүк бакубатчылык жана иштериңиздергеийгиликтерди каалайбыз! Ар дайым акыйкаттуулукжана адилеттүүлүк үстөмдүк кылган коомдо жашоонасип этсин!  

 

Орозо Айтыңыздар маарек болсун!

 

Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын адвокаттар кеңеши.