Кыргызча
Русский
Нарын облусуна болгон иш сапар
2018-жылдын 22-январында Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын адвокаттар кеңешинин төрагасы Б.С.Райымкулов, кеңештин мүчөлөрү Э.А. Ли, Ч.А.Темирбаева, М.А.Бегилерова, этика комиссиясынын мүчөсү З.О.Арналиевалар Нарын облусунун Адвокаттар башкармалыгынын төрагасы Ы.Ж. Асанов, төраганын орун басары Г.Б. Исабекова жана аймактык Адвокатуранын адвокаттары менен жолугушуп, пикир алмашуу болуп өттү. Андан соң Нарын шаарынын мэри Э.А. Алымкулов, Нарын облусунун сотунун төрагасынын милдетин аткаруучусу М.М. Дүйшөнбекова, төраганын кылмыш иштерин кароо боюнча орун басары А.К. Орозалиев, Нарын шаарынын сотунун төрагасы Женишбек уулу Жолдошбек, Нарын облусунун прокурору Н.К. Дарданов, облустук юстициясынын башкармасынын жетекчиси М.О. Сламкулов, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппарат жетекчиси Ж.К.Дюшеев менен жолугушуулар болуп, аймактын Адвокатурасынын жана адвокаттык ишмердүүлүк боюнча суроолор талкууланып, Адвокатуранын алдыга белгиленген иш пландары менен таанышуу жүрүп, жемиштүү пикир алмашуу болуп, мындан ары дагы келечекте бирге кызматташуу боюнча макулдашуулар болуп өттү.