Кыргызча
Русский
Кыргызстан менен Түркия боордош өлкөлөр.
Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын адвокаттар Кеңешинин Төрагасы Райымкулов Билим Сардалбекович Түркия Республикасын Изник шаарында (Түркия) «Биримдикти жана салтты сактап, келечекке карайбыз» урааны менен өтүп жаткан «NOMAD GAIMES IV», оюндарынын ачылышы менен куттуктады! Ал эми ураанда айтылгандай эки өлкөнүн достугу бекем жана бузулбас болооруна ишенет.
Төрага Райымкулов Б.С. Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы менен Түркиянын Адвокаттар союзунун ортосунда эки өлкөнүн адвокаттар коомчулугун өнүктүрүү боюнча тыгыз кызматташуу жөнүндө Макулдашууга кол коюлганын белгиледи. Ал ошондой эле 2018-жылдын 23-мартында Анкара шаарында түрк тилдүү жана тектеш мамлекеттердин адвокаттар бирикмелеринин жалпы жыйыны болуп өткөнүн, ага Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын өкүлдөрү да чакырылганын белгиледи.
Өз кезегинде, Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы 2018-жылдын 20-25-августунда Бишкек шаарында “Кыргызстанда адвокаттык коомчулукту жана адвокаттык ишмердүүлүктү калыптандыруу жана өнүктүрүү маселелери – эл аралык тажрыйба” деген темада семинар өткөрдү. Семинарга Түркиянын Адвокаттар бирикмесинин орун басарлары жана TURK – AV вице-президенти А.В.Куршаду Каражабей катышышты.
Ошондой эле, 2022-жылдын 14-июлунда Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын күнүнө карата КРАнын кеңсесинде салтанаттуу иш-чара болуп, ага Түркиядан жана башка өлкөлөрдөн келген коноктор катышты. Түркия Республикасынын Адвокаттар коллегиясынын төрагасынын орун басары Сибел Суичмез КРАнын адвокаттар Кеңешинин төрагасы Б.С.Райымкуловду жана бардык адвокаттары куттуктады.
2022-жылдын август айында Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын адвокаттар Кеңешинин төрага Билим Сардалбекович Райымкулов менен Түркиянын адвокаттар Ассоциациясынын жаңы төрагасы Рамиз Эринч Сагкандын жолугушуусу болуп өтүп, жолугушууда Райымкулов Б.С. дайындалышы менен куттуктап, эки өлкөнүн адвокаттык коомчулугунун ортосундагы тыгыз кызматташтык келечекте дагы улана берерине ишенет.
_____________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________
Председатель Совета адвокатов Адвокатуры Кыргызской Республики Райымкулов Билим Сардалбекович поздравил Турецкую Республику с открытием «NOMAD GAIMES IV», который проходил под лозунгом «Сохраняя единство и традиции, смотрим в будущее!», в городе Изник (Турция). И надеется, что дружба между двумя странами будет крепкой и нерушимой, как и говориться в лозунге.
Райымкулов Б.С. отметил, что и между Адвокатурой Кыргызской Республики и Союзом коллегий адвокатов Турции подписано Соглашение в рамках организации TURK – AV о сотрудничестве в развитии Адвокатских сообществ. Также отметил, что 23 марта 2018 году в Анкаре состоялась Генеральная Ассамблея Ассоциаций адвокатских организаций дружественных и братских стран, куда были приглашены и представители Адвокатуры Кыргызской Республики.
В свою очередь Адвокатура КР 20-25 августа 2018 году в Бишкеке провели Семинар на тему: «Вопросы становления и развития Адвокатского сообщества и адвокатской деятельностью Кыргызстане – международный опыт». На Семинаре приняли участие заместители и вице-Президент TURK – AV Куршаду Каражабею.
Также, 14 июля 2022 года по случаю Дня Адвокатуры Кыргызской Республики в офисе АКР прошел торжественное мероприятие, которое посетили гости из Турции и других стран. Заместитель Председателя Коллегии адвокатов Турецкой Республики Sibel Suicmez поздравил Председателя СА АКР Райымкулова Б.С. и всех адвокатов Адвокатуры Кыргызской Республики.
В августе 2022 года состоялась встреча СА АКР Райымкулова Билима Сардалбековича и новым Председателем Союза коллегий адвокатов Турции Рамиз Эринч Сагкана.
На встрече Райымкулов Б.С. поздравил его с назначением и надеется, что и в дальнейшем тесное сотрудничество между Адвокатскими сообществами двух стран будут продолжаться.