Кыргызча
Русский
Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын Адвокаттар Кеңешинин төрагасы Райымкулов Билим Сардалбекович Кыргыз Республикасынын жалпы адвокаттарын 1-март кесиптик майрамы – Кыргыз Республикасынын Адвокаттар (жактоочулар) күнү менен куттуктайт!
Главные вкладки
Урматтуу адвокаттар!
Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы үчүн бүгүн 1-март тарыхый күн.
Анткени адвокаттардын статусун, даражасын жогорулатуу максатында Министрлер кабинети 1-март адвокаттардын кесиптик күнү деп ушул жылдын 28-февралында №98-атайын токтому менен белгиледи.
Архивден такталган маалымат боюнча, 1925-жылдын 1-мартында (№45) Кара-Кыргыз Автономиалык облусунун Революциялык комитетинин Президиумунун төрагасы Иманали Айдарбеков кол койгон Токтомдун негизинде Кыргызстандын тарыхында эң алгачкы жолу жактоочулар коллегиясы түзүлгөн.
Коллегия түптөлгөндөн бери, быйыл туура 97 жыл өткөндөн кийин кайрадан ушул күн адвокаттардын кесиптик майрамы деп жарыяланууда.
Адам укугун коргоодо, сот адилеттүүлүгүн жүзөөгө ашырууда, укуктук үстөмдүктү бекемдөөдө Адвокаттардын коомдогу орду маанилүү. Адвокаттык ишмердүүлүк кооптуу жана жогорку жоопкерчилик жүктөлгөн, адам тагдыры менен байланышкан татаал кесиптердин бири.
Кыргыз Республикасында эки миң жети жүздөй адвокаттар жарандардын укуктарын коргоп келет.
Бүгүн биринчи жолу майрамдалып жаткан кесиптик майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктап, демократиялуу өлкөнү курууда, укуктук үстөмдүүлүктү орнотууда ар бириңиздер өз салымыңыздарды кошуп, жогорку профессионалдык ишмердүүлүгүңүздөрдү көрсөтө аларыңыздарга толук ишенем!
Бүгүнкү адвокаттык кесиптик майрамыныздар менен чын дилимден өзүмдүн атыман жана адвокаттар Кенешинин атынан куттуктайм!
https://drive.google.com/file/d/1-8NDZcK9SeWbxzd5-6wHX7DA7cD4qELk/view?u...
Комментарии
Добавить комментарий