Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын адвокаттар Кеңешинин мүчөлөрүнүн Ош облусуна болгон иш сапары

12.01.2018 жылы Кыргыз Республикасынын Адвокаттар Кеңешинин Төрагасы Б.С.Райымкулов, Төраганын орун басары Ж.Н.Арзыматов жана Кеңештин мүчөлөрү А.Т.Ниязалиева, М.А Бегилерова жана Адвокаттар окуу борборунун директорунун орун басары А.А. Курманалиева,  Ош  облусунун жана  Ош шаарынын Адвокаттар башкармалыгынын Төрагалары, алардын мүчөлөрү жана аймактык адвокаттар менен жолугушуп, жемиштүү пикир алмашуу болуп өттү.

Андан соң Ош облусунун сотунун Төрагасы А.Э.Кубатов, Ош шаарынын вице-мэри З.М.Аскаров жана Ош облусунун  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым өкүлүнүн орун басары Б.Ю.Юсупов менен жолугушулар  болуп көптөгөн аймактык Адвокатура  жана адвокаттык ишмердүүлүк боюнча суроолор талкууланып, жемиштүү пикир алмашуу болуп, мындан ары дагы келечекте кызматташуу боюнча макулдашуулар болду.

.