Аялдарга карата зомбулуктун жана үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү темасында,Ош шаарында адвокаттарга семинар өтүүдө!

    

 

Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана USAIDдин «Укук Булагы» долбоору менен биргеликте, “Аялдарга карата зомбулуктун жана үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү: эл аралык стандарттардын катышы менен Кыргызстандын укуктук жөнгө салуу практикасы” аталашында семинар өткөрүп жатат.

Аталган иш чарада уюштуруучулар Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын төрайымы Бегилерова Мейил Адилбековна жана USAID «Укук Булагы» долбоорунун 4-компонентинин жетекчиси Молдошова Динара Автандиловна катышууда.

Семинар Ош шаарында 16-17-май 2024-жыл Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын Ош облустук жана Ош шаардык аймактык адвокаттары үчүн уюштурулган.

Лекторлору: Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу сот адилеттигинин жогорку мектебинин окутуучусу, юридика илимдеринин кандидаты, доцент (Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун экс-судьясы) Мусабекова Чынара Абдыбакасовна жана гендердик маселелер боюнча эксперт Качикеева Бакыта Женишбековна лекция өтүп жатышат.

Семинардын жыйынтыгында, адвокаттарга сертификат тапшырылат.

 

 

Адвокатура Кыргызской Республики совместно с  проектом USAID «Укук Булагы» проводит семинар на тему: «Предотвращение и борьба с насилием в отношении женщин и семейно-бытовым насилием: практика правового регулирования в Кыргызстане в соотношении с международными стандартами»

Организаторами данного мероприятия выступили - Председатель Совета адвокатов Адвокатуры Кыргызской Республики Бегилерова Мейил Адилбековна и Руководитель Программы USAID «Укук булагы»; Молдошева Динара Автандиловна Руководитель компонента 4 проекта USAID «Укук булагы».

Семинар был организован для адвокатов Ошской областной и Ошской городской территориальных Адвокатур.  Место проведения  город Ош, с 16 по 17 мая 2024 года.

Лекторы: Мусабекова Чынара Абдыбакасовна – преподаватель ВШП при ВС КР, к.ю.н., доцент (экс-судья Конституционного суда Кыргызской Республики и Качикеева Бакыта Женишбековна – эксперт по гендерным вопросам.

По итогам семинара адвокатам будет вручены сертификаты.