«Акысыз адвокат» теледолбооруна катышуу үчүн адвокаттарга сынак жарыяланат!

Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы (УТРК), Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы менен биргеликте «Акысыз адвокат» теледолбооруна катышуу үчүн адвокаттарга сынак жарыялайт.
Сынак жарыялоонун максаты:
“Акысыз адвокат” программасынын алкагында УТРК каналында, түз эфир аркылуу жарандарга консультациялык-укуктук кеңеш берүү жана түз эфирде программанын комиссиясы тарабынан тандалып алынган телекөрүүчүлөргө кылмыш-жаза, жарандык, административдик сот өндүрүшү чөйрөсүндө, о.э. бузуулар жөнүндө иштер боюнча квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү үчүн адвокаттарды тандап алуу.
Сынактын катышуучулары:
Кыргыз Республикасынын Адвокаттары.
Тандоо критерийлери:
- бир жылдан кем эмес адвокаттык ишинин стажы жөнүндө жана «Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-беренесине ылайык адвокаттык ишмердүүлүктү ишке ашыруунун тандап алынган уюштуруу-укуктук формасы жөнүндө Аймактык адвокатуранын маалымкатынын болушу;
- адвокаттык ишмердүүлүктүн акыркы жылы үчүн тартиптик жазанын жоктугу тууралуу маалымкаттын болушу;
- ыктыярдуулук;
- компетенттүүлүк;
- ТВ талаптарына дал келүү(үнү, келбети, сүйлөө чеберчилиги ж.б.);
- адвокаттык ишмердүүлүктүн бардык багыттары, о.э. социалдык камсыздандыруу, документтештирүү иштери боюнча терең өздөштүрүү жана жеткиликтүү айтып берүү мүмкүнчүлүгү;
- мамлекеттик тилди жогорку деңгээлде билүү;
- социалдык медиадагы активдүүлүк;
- теледолбоорлордогу иш тажрыйбасы жана кесиптик ишмердүүлүктөгү башка жетишкендиктерине артыкчылык берилет.
Адвокаттарды тандоонун тартиби:
Жеңүүчүлөрдү Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматынын кызматчыларынан, Адвокатуранын өкүлдөрүнөн, Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын өкүлдөрүнөн, ошондой эле эл аралык жана жергиликтүү донордук уюмдардын өкүлдөрүнөн турган комиссия (мындан ары — Комиссия) ачыктык жана айкындуулук принциптеринин негизинде аныктайт.
Сынактын катышуучулары алдын ала даярдалган билеттердеги суроолорго жооп беришет. Анда 4 (1 кылмыш, 1 жарандык, 1 административдик укук жана 1 укук бузуу иштери боюнча) суроо болот.
Мындан тышкары, комиссия тарабынан тандоо критерийлерине ылайыктуулугун аныктоо үчүн кошумча суроолор дагы берилет.
Адвокаттар комиссиянын алдында ар бир суроого жооп берүүлөрү шарт. Алар өз ойлорун баяндоодо чечендик өнөрдү өздөштүргөндүгүн көрсөтүүлөрү зарыл.
Сынактык комиссия өз чечимин ошол эле күнү «Акысыз адвокат» теледолбооруна катышуу үчүн талапкерлерге жарыялайт. Сынактык орундун саны экөө.
«Акысыз адвокат» теледолбооруна катышуу үчүн сынактан өткөн талапкерлер менен алардын акысын караган жана милдеттерин камтыган тиешелүү жарандык-укуктук келишим түзүлөт.
Конкурстун уюштуруучулары бардык конкурстук материалдардын купуялуулугун кепилдейт.
Сынактын материалдары төмөнкү электрондук почтага жөнөтүлүшү керек sup.official@mail.ru.
Сынакка катышуу үчүн документтер 2024-жылдын 9-10-11-июль күндөрү, төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: Бишкек ш., пр. Жибек Жолу, 381, КТБ 3-кабат
Мониторинг жана аткарууну контролдоо бөлүмү тел.: (0312) 380138.
Сынак 12-июль күнү саат 11:00дө УТРКнын имаратында өтөт.
 
Возможно, это изображение 1 человек и текст