Жаңы жылыңыздар менен куттуктайбыз!

Изображение: 

Урматтуу адвокаттар!

Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын адвокаттар Кеңешинин атынан сиздерди келе жаткан 2026-жыл — Жаңы жылыңыздар менен чын дилден куттуктайбыз!

Өтүп бара жаткан жыл Адвокатура үчүн маанилүү окуяларга, кесиптик жетишкендиктерге жана өнүгүүнүн олуттуу баскычтарына бай болду. Биздин жалпы миссиябыз — мыйзамдын үстөмдүгүн бекемдөө, адамдын жана жарандын укук-эркиндиктерин коргоо — мындан ары да ырааттуу жана ийгиликтүү ишке ашырылаарына ишенебиз.

Келе жаткан жыл сиздерге жаңы мүмкүнчүлүктөрдү, кесиптик өсүүнү, бекем биримдикти жана эртеңки күнгө болгон ишенимди алып келсин. Ар бириңиздерге чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакубатчылык, тынчтык, туруктуулук жана жооптуу, ардактуу ишиңиздерде ийгилик каалайбыз.

Жаңы жылыңыздар менен куттуктайбыз!

Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы.