Кыргызча
Русский
ЮРИДИКАЛЫК ӨКҮЛ БОЛУУНУ КААЛАГАН ЮРИСТТЕРДИН КӨҢҮЛҮНӨ
Primary tabs
Submitted by Для доступа к ф... on 20.10.2026 - 21:55
Изображение:

Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы юридикалык өкүлдөрдүн реестрине кирүүнү каалаган юристтер үчүн милдеттүү кошумча кесиптик окутуу курсуна документерди кабыл алуу жарыялайт!
Керектүү документтер:
1. өздүгүн тастыктаган документтин (паспорттун) көчүрмөсү;
3. жогорку юридикалык билимдин (бакалавр же магистр даражасынын) бар экенин ырастоочу документтин нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
4. алынып салынбаган же жоюлбаган соттуулуктун жоктугу жөнүндө маалымкат;
5. юридикалык адистиги боюнча кем дегенде бир жыл стажы бар экенин ырастоочу документтердин (эмгек китепченин) нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
6. юридикалык өкүлдөрдүн кесиптик жүрүм-турумунун бекитилген стандарттарын сактоо милдеттенмеси бар арыз;
7. Кыргыз Республикасынын айрым административдик-аймактык бирдиктеринде юридикалык өкүлчүлүктү жүзөгө ашырууга уруксат берүү тартибинде каралган документтер (ушул арыздын 4-пунктунда көрсөтүлгөн адамдар тарабынан берилет)
8. Соттук өкүлчүлүк маселелери боюнча кошумча кесиптик даярдыктан өтүү үчүн алдын ала каттоого арыз: https://advokatura.kg/ky/documents/koshumcha-kesiptik-aryz
9. Көңүл буруңуздар: документтерди тапшырууда толук пакетке документтерди бекитүүчү папка сөзсүз кошулушу керек.
ДОКУМЕНТТЕРДИН ТИЗМЕСИ МЕНЕН ТӨМӨНКҮ ШИЛТЕМЕ АРКЫЛУУ ТААНЫША АЛАСЫЗ: https://advokatura.kg/ru/documents/dokumenty-yuridicheskiy-predstavitel
Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын алдындагы Адвокаттардын окуу борбору юридикалык өкүлдөрдүн кесиптик даярдыгын жогорулатууга, укуктук билимдерин тереңдетүүгө жана соттук өкүлчүлүк боюнча практикалык көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган атайын окуу курсун уюштурат.
ОКУУ ПРОГРАММАСЫ ЖӨНҮНДӨ
Окуу программасынын көлөмү - 80 академиялык саат (7,5 окуу күнү).
Окутуу «Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы, адвокаттык иш жана Кыргыз Республикасындагы юридикалык өкүлдөр жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесинин 3-бөлүгүнө жана 16-4-беренесине ылайык жүргүзүлөт.
ОКУУНУН ЖЫЙЫНТЫГЫНДА СИЗ:
✅ Жарандык, экономикалык жана административдик иштерди жүргүзүү боюнча кесиптик билимиңизди жана практикалык көндүмдөрүңүздү өркүндөтөсүз.
✅ Процесстик документтерди түзүү, укуктук жүйөлөрдү даярдоо жана ишеним билдирген адамдардын кызыкчылыктарын сотто коргоо боюнча тажрыйбаңызды жогорулатасыз.
✅ Соттук өкүлчүлүктүн негизги багыттары боюнча практикалык даярдыктан өтөсүз.
✅ 80 академиялык сааттык милдеттүү кошумча кесиптик окуудан өткөндүгү тууралуу сертификат аласыз. Аталган сертификат мыйзамда белгиленген башка талаптар аткарылган шартта юридикалык өкүлдөрдүн реестрине кирүү үчүн талап кылынуучу документтердин бири болуп саналат.
ОКУУНУН ГРАФИГИ
Кыргыз тилиндеги курс: 9-ноябрдан 19-ноябрга чейин, 2026-жыл.
Орус тилиндеги курс: 23-ноябрдан 3-декабрга чейин, 2026-жыл.
Окуу убактысы: 09:00дөн 16:00гө чейин.
Өтүүчү дарек: Бишкек шаары, Шевченко көчөсү, 144, Адвокаттардын окуу борбору.
Окутуунун форматы: күндүзгү, офлайн.
Курстун жалпы баасы Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын алдындагы Адвокаттардын окуу борборунда төлөм кабыл алынат (0555 59-35-59).
КАТТАЛУУ ЖАНА КОШУМЧА МААЛЫМАТ
Курска катталуу жана кошумча маалымат алуу үчүн төмөнкү байланыштарга кайрылыңыздар:
Телефондор: +996 (312) 35-29-97, +996 (502) 24-35-77
E-mail: info@advokatura.kg
Сайт: www.advokatura.kg
Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы юридикалык өкүлдөрдүн кесиптик деңгээлин жогорулатууга, соттук өкүлчүлүктүн сапатын арттырууга жана укуктук жардам көрсөтүү жаатындагы кесиптик компетенцияларды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат.
Юридикалык өкүлчүлүк жаатындагы билимиңизди тереңдетип, кесиптик мүмкүнчүлүктөрүңүздү кеңейтиңиз!
Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы
