Ысык-Көл облусунун Адвокатурасынын адвокаттары менен жолугушуу өттү

2025-жылдын 4-августунда Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын адвокаттар кеңешинин төрайымы Мейил Адилбековна Бегилерова жана анын орун басары Асель Анаркановна Джаманкулова Ысык-Көл облусунун адвокаттары менен жумушчу жолугушуу өткөрүштү.

 

Ачык диалог форматында өткөн жолугушууда адвокаттар өз кесиптик ишмердүүлүгүндө туш болуп жаткан актуалдуу маселелер талкууланды. Алардын ичинде уюштуруучулук иштер, квалификацияны жогорулатуу, күбөлүктөрдү узартуу, ошондой эле Адвокатура институтун өнүктүрүү боюнча суроолор көтөрүлдү. Өзгөчө көңүл адистик жана этикалык стандарттарды сактоого бурулду.

 

Мындан сырткары, жумушчу сапардын алкагында Ысык-Көл облусунун администрациясынын аппарат жетекчиси менен да жолугушуу өткөрүлдү. Жолугушуу учурунда адвокаттар үчүн иштөөгө ылайыктуу бөлмө бөлүп берүү маселеси козголду. Жыйынтыгында, облустук администрациянын имаратынан аймактык Адвокатурага бир кабинет берүү тууралуу макулдашууга жетишилди. 

 

Жыйынтыгында, адвокаттар Кыргыз Республикасындагы Адвокатура институтун чыңдоого жана өнүктүрүүгө багытталган демилгелерге жигердүү катышууга даяр экендиктерин билдиришти.

 

Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын адвокаттар кеңеши.