Урматтуу жарандар жана кесиптештер!

Изображение: 

Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы интернет мейкиндигинде алдамчылык аракеттери көбөйүп жатканын билдирет.

Акыркы күндөрү белгисиз адамдар Адвокатуранын атын жана расмий логотибин мыйзамсыз колдонуп, Адвокатура брокерлерден карыз өндүрүп берет же башка юридикалык кызматтарды көрсөтөт деген мазмундагы жалган жарнамаларды таратууда.

Мындан тышкары, алдамчылар Адвокатурага тиешелүү видеоматериалдарды жана сүрөттөрдү колдонуп, аларды жасалма интеллект аркылуу оңдоп, фейк баракчалар аркылуу Адвокатуранын атынан жалган маалымат жайылтып жатышат.

Бул боюнча Адвокатура тиешелүү укук коргоо органдарына кайрылып, мындай мыйзамсыз аракеттерди токтотуу үчүн зарыл чараларды көрүүдө.

Жакынкы күндөрү Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын Facebook жана Instagram социалдык тармактарындагы расмий баракчалары верификациядан өтүп, “көк белги” менен тастыкталат. Мындан кийин “Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы” деген аталыштагы башка мыйзамсыз баракчалардын баары бөгөттөлөт.

Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы. ‎