Урматтуу мекендештер, кадырлуу жарандар!
Primary tabs

Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы сиздерди ыйык Курман Айт майрамыңыздар менен чын дилден куттуктайт!
Курман Айт — боорукерликти, сабырдуулукту, кечиримдүүлүктү жана өз ара жардамдашууну даңазалаган улуу майрам. Бул күндөрү адамдар бири-бирине жакшылык кылып, муктаждарга жардам берип, ынтымак менен биримдиктин баалуулугун терең сезишет.
Элибиз Курман Айтты берекенин, жакшылыктын жана ынтымактын символу катары белгилеп келет. Майрам ар бир үйгө кубаныч, токчулук жана жылуулук тартуулап, жакындарды бириктирген өзгөчө күн болуп саналат.
Биздин өлкөдө тынчтык, мыйзамдуулук жана адилеттүүлүк бекем болуп, ар бир жарандын укугу корголуп, коомдо өз ара ишеним жана ынтымак өкүм сүрө берсин. Элибиздин биримдиги бекемделип, мамлекетибиз өнүгүү жолунда ийгиликтерге жетише берсин.
Ушул куттуу майрам күнү ар бириңиздерге чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт, береке, мол ырыскы жана иштериңиздерге ийгилик каалайбыз. Жараткан бардык жакшы тилектериңиздерди кабыл кылып, ар бир үйгө тынчтык жана жакшылык насип этсин!
Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы