Урматтуу Кыргыз Республикасынын сот тутумунун кызматкерлери!
Primary tabs

Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын жана жеке өзүмдүн атымдан сиздерди кесиптик майрамыңыздар — Кыргыз Республикасынын сот кызматкерлеринин кесиптик күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!
Сот бийлиги — мамлекетибизде мыйзамдуулуктун сакталышынын, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоонун бекем тиреги. Мыйзам үстөмдүгүн орнотууда жана адилеттүүлүктү камсыз кылууда сиздердин жоопкерчиликтүү ишиңиздер зор мааниге ээ.
Адвокатура менен сот тутумунун ортосундагы өз ара конструктивдүү кызматташтык өлкөбүздөгү укуктук маданиятты жогорулатууга жана калыс сот адилеттигин орнотууга кызмат кылат деп ишенем.
Сиздерге бекем ден соолук, кажыбас кайрат жана жооптуу ишиңиздерде албан ийгиликтерди каалайм. Ар бир кабыл алынган чечимиңиздер адилеттүүлүктүн жана мыйзамдын бекемделишине негиз болсун!
Терең урматым менен, Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын төрайымы Мейил Бегилерова
