- Кыргызча
- Русский
Урматтуу кесиптештер жана коомчулуктун өкүлдөрү!
Submitted by АКР-1 on 02.12.2024 - 16:53
Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы 29.11.2024-жылы адвокат Самат Мацаковдун кармалып, «алдамчылык» беренеси боюнча айыпталып жатканына байланыштуу терең тынчсыздануусун жана кайрылуусун билдирет.
Адвокаттын жана анын жактоочусунун билдирүүлөрүнө ылайык, укук коргоо органдарынын аракеттери С.Матцаковдун кесиптик ишмердигине байланыштуу, бул адвокаттык кесиптин көз карандысыздык принциптеринин, улуттук мыйзамдарда жана эл аралык стандарттарда каралган адвокаттык практиканын кепилдиктеринин сакталышына, олуттуу шектенүүлөрдү жаратат.
Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын Адвокаттар кеңеши кылмыш иши козголгондугу, камакка алынгандыгы же адвокат Матцаковго айып коюлгандыгы жөнүндө расмий билдирүү албагандыгын өзгөчө белгилейбиз. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 23-беренесине ылайык, ар бир жаранга анын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо кепилденет. Адвокаттар өздөрүнүн кесиптик милдеттерин аткарууда куугунтуктоолордон, коркутуулардан же алардын ишине негизсиз кийлигишүүдөн корголушу керек.
Мындан тышкары, БУУнун Кылмыштуулуктун алдын алуу жана укук бузуучуларга мамиле кылуу боюнча сегизинчи конгресси тарабынан кабыл алынган адвокаттардын ролу боюнча Негизги Принциптерде (Гавана, 1990) адвокаттар өз кардарлары менен же алар карап жаткан иштер менен таанылбашы керектиги так жазылган.
Кыргыз Республиканын Коституциясынын 64-беренеси Адвокаттардын өз алдынча башкаруучу кесиптик жамааты катары адвокатуранын уюштурулушу жана ишмердүүлүгү, ошондой эле адвокаттардын укуктары, милдеттери жана жоопкерчилиги мыйзам менен аныкталат деп көргөзүлгөн.
Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 230-беренесинин биринчи бөлүгүнүн сүйлөшүүлөрдү тыңшоо. Адамдардын телефон жана башка сүйлөшүүлөрүндө кылмыш иши үчүн мааниси бар маалыматтар камтылышы мүмкүн деп шектенүүгө жетиштүү негиздер болгондо, тергөөчү тергөө судьясынын токтомунун негизинде аларды контролдоого жана жазып алууларды жүргүзүүгө укуктуу.
Шектүү, айыпталуучу жана анын адвокатынын ортосундагы сүйлөшүүлөрүн тыңшоого тыюу салынат.
Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндөгү мыйзамдын 29-беренесине ылайык адвокаттык иштин көз карандысыздыгынын кепилдиги жана адвокаттын кол тийбестиги көргөзүлгөн.
1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылуучу адвокаттык ишке кийлигишүүгө, же болбосо бул ишке кандай түрдө болбосун тоскоолдук кылууга тыюу салынат.
Адвокат адвокаттык ишти жүзөгө ашырууда, юридикалык жардам үчүн кайрылган адамдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо каражаттарын жана ыкмасын тандоодо өз алдынчалыкка ээ жана башка жактардын пикирлери менен байланышпайт.
2. Адвокаттардын ишине мыйзамсыз кийлигишүүгө жол берген же болбосо мындай ишти жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылган адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылышат.
3. Адвокаттык ишти жүзөгө ашырууда айтылган пикири үчүн адвокат кандайдыр бир жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн эмес.
Адвокаттын кесиптик ишине байланыштуу ага карата кылмыш иши Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору же болбосо анын орун басарлары тарабынан гана козголушу мүмкүн.
4. Адвокаттын турак-жайына же жумушчу башпаанасына, пайдаланган транспортуна кирүү, аларды карап чыгуу, тинтүү, алып коюу, адвокатты жеке кароо же тинтүү, анын мүлкүнө камак салуу жана почта-телеграф корреспонденцияларын карап чыгуу жана алып коюу, анын телефондук жана башка сүйлөшүүлөрүн тыңшоо, адвокатты мажбурлап алып келүү, кармоо жана камакка алуу сот актысы боюнча гана жүргүзүлүшү мүмкүн.
Адвокат кылмыш жасаган жеринде кармалган учурлардан тышкары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен каралган учурларды кошпогондо, өзүнүн кесиптик милдеттерин аткарууда жеке тинтүүгө же жеке кароого кириптер болушу мүмкүн эмес.
5. Айкын кылмыш иши боюнча юридикалык жардамга байланыштуу маалыматтарды талап кылууга, алып коюуга, карап чыгууга, текшерүүгө, документтерди көчүрмөлөөгө, маалыматтарды топтоого жана пайдаланууга адвокат айыпталуучу катары тартылган учурларда гана, ал эми кылмыш, жарандык, административдик, тартиптик иштерди же укук бузуулар жөнүндө иштерди кароодо ишеним артуучунун макулдугу менен гана жол берилет.
6. Адвокат, адвокаттын жардамчысы юридикалык жардам үчүн кайрылууга же анын көрсөтүлүшүнө байланыштуу өзүнө белгилүү болгон жагдайлар жөнүндө күбө катары чакырылышы жана суракка алынышы мүмкүн эмес.
Адвокат, адвокаттын жардамчысы ушул жагдайлар жөнүндө түшүндүрмөлөрдү же көрсөтмөлөрдү берүүгө, ошондой эле изин суутпай-издөө иштеринде, сот өндүрүшүндө, мамлекеттик органдарда пайдалануу үчүн алар жөнүндө кандайдыр-бир материалдарды берүүгө укуксуз.
7. Адвокатка карата кылмыш ишин козгоо, аны айыпталуучу катары тартуу жөнүндө, ошондой эле аны кармоо же камакка алуу тууралу маалымат Адвокатурага жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине токтоосуз билдирилет.
Жогорудагылардын негизинде кайрылабыз,
1. Компетенттүү органдар процесстик нормалардын толук сакталышын камсыз кылсын, адвокат Самат Матцаковго коргонуу укугун жана ашыкча кысым көрсөтүүгө жол берилбестигин кепилденишин.
2. Тергөө органдарынын аракеттеринин мыйзамдуулугун, анын ичинде анын кесиптик ишмердигине байланыштуу материалдарды алып коюуну ар тараптан жана объективдүү текшерүү.
3. Адвокатуранын көз карандысыздыгына шек келтирүүгө багытталган ар кандай аракеттер токтотулсун жана адвокаттардын укуктарын бузган кыянатчылыктар жоюлсун.
4. Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын көз карандысыздыгына шек келтирүүгө багытталган бардык аракеттерди токтотуу жана адвокаттардын укуктарын кыянаттык менен пайдалануу учурларын четтетүү. Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы кырдаалга көңүл буруу жана өзүнүн кесиптик милдетин аткарып жаткан адвокаттарды коргоо үчүн кайрылуудабыз. Адвокатуранын көз карандысыздыгынын жана сот адилеттигинин принциптерин бекем жактайбыз. Адвокаттарды кесиптик себептерден улам куугунтуктоо сот системасына болгон ишенимди кетирип, жарандардын укуктарын бузат деп эсептейбиз.
Урматтоо менен,
Кыргыз Республикасынын
Адвокатурасынын Адвокаттар кеңеши