Урматтуу кесиптештер!

Изображение: 

Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын Адвокаттар кеңешинин атынан сиздерди кесиптик майрамыңыздар — 1-март, Адвокаттар күнү менен чын жүрөктөн куттуктайбыз!

Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы Кара-Кыргыз автономиялык Революциялык комитетинин №45 токтомунун негизинде 1925-жылдын 1-мартында түзүлгөн. Ушул күндөн тартып улуттук адвокатура институтунун түптөлүшүнө жол ачылып, мыйзамдуулукту жана жарандардын укуктарын коргоонун бекем пайдубалы түптөлгөн.

Кылымдык тарыхында Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы татаал тарыхый жолду басып өтүп, бүгүнкү күндө коомдун эң маанилүү укуктук институттарынын бири катары калыптанды. Адвокатура — бул жогорку жоопкерчилик, принципиалдуулук жана адилеттүүлүккө болгон бекем ишеним.

Бул баалуулуктар ар бир адвокаттын күнүмдүк эмгегинде чагылдырылат. Адвокат — бул жөн гана кесип эмес, бул мыйзамга, адилеттүүлүккө жана коомго ардактуу кызмат кылуу. Бул терең билимди, принципиалдуулукту, ички бекемдикти жана кынтыксыз кесиптик этиканы талап кылган күн сайынкы эмгек. Адвокаттар адамдын конституциялык укуктары менен эркиндиктеринин сакчылары болуп, ар бир жаранга квалификациялуу юридикалык жардам алууга жана адилет сот кароосуна болгон укукту камсыз кылышат.

Сиздердин кызмат — укуктук мамлекетти бекемдөөгө, сот адилеттигине болгон ишенимди арттырууга жана мыйзам үстөмдүгүн камсыз кылууга кошкон зор салымыңыздар. Сиздердин кесипкөйлүгүңүздөрдүн, жоопкерчилигиңиздердинжана ишке берилгендигиңиздердин аркасында мыйзамдуулук менен гуманизм принциптери сакталууда.

Бул майрамдык күнү сиздерге чың ден соолук, бакубатчылык, ишеним, кесиптик ийгиликтер жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз. Сиздердин ишмердүүлүгүңүздөр ар дайым урмат-сыйдын, таануунун жана сыймыктын булагы болсун!

 

Терең урматтоо менен,

 

Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын Адвокаттар кеңеши