Урматтуу айымдар!
Primary tabs

Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын адвокаттар кеңеши сиздерди 8-март Айымдардын эл аралык күнү менен чын дилден куттуктайт!
Бүгүнкү күндө коомчулукта айымдардын орду абдан чоң. Сиздер татаал жана жоопкерчиликтүү кесипти аркалоо менен бирге, коомубузда мыйзамдуулуктун сакталышына, жарандардын укуктарын коргоого жана адилеттүүлүктү орнотууга баа жеткис салым кошуп келе жатасыздар. Сиздердин кесипкөйлүгүңүздөр, сабырдуулугуңуздар жана ишке болгон берилгендигиңиздер терең урматтоого татыктуу. Коомдо адилеттүүлүктү орнотуудагы эмгегиңиздер, ак ниеттүүлүк менен жасаган иш-аракеттериңиздер ар дайым жогору бааланат.
Ар дайым урмат-сыйга бөлөнүп, ишиңиздерде жаңы ийгиликтер жаралып, алдыга койгон максаттарыңыздар ишке ашсын. Жашооңуздар кубанычка, жүрөгүңүздөр жылуулукка, ал эми ар бир күнүңүздөр шыктанууга жана жакшылыкка толо болсун.
Сиздер — турмуштун көркү, үйдүн куту жана кесиптин сыймыгысыздар!
Сиздерге чың ден соолук, бакубат жашоо, үй-бүлөңүздөрдө тынчтык жана кут-береке каалайбыз.
Ар бир ишиңиздер ийгилик менен коштолуп, адилеттүүлүктүн туусу ар дайым бийик желбиреп турсун.
Майрамыңыздар менен куттуктайбыз!
Терең урматыбыз менен, Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын адвокаттар кеңеши
