Урматтуу адвокаттар жана кадырлуу кесиптештер!
Primary tabs

Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын адвокаттар кеңеши келе жаткан 2026- жаңы жылыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайт жана сиздерди өзгөчө маанайдагы иш-чарага – адвокаттардын жаңы жылдык балы -2026 маарекесине чакырат!
- Өтүү күнү: 20-декабрь 2025-жыл
 - Жайы: “ROYAL RESTAURANT”
 - Дареги: Бишкек ш., Мадиев көч., 18/1
 - Конокторду кабыл алуу: саат 16:00дөн башталат
 
Билет баасы: 5 500 сом
Кеченин программасында:
• Салтанаттуу ачылыш жана майрамдык куттуктоо
• Жандуу музыка жана кызыктуу шоу-программа
• Интерактивдүү оюндар жана белектерди ойнотуу
• Адвокаттардын жамааттык жаңы жылдык куттуктоосу
Бул бал — адвокаттар коомчулугунун жакшы салты болуп, кесиптештерди бириктирип, профессионалдык жана достук байланыштарды чыңдап, жаңы жыл алдындагы шыктануу жана биримдик атмосферасын жаратат!
⸻
«МБанк» тиркемеси аркылуу билетке төлөм жүргүзүү тартиби:
1. “МБанкты” ачыңыз.
2. "Төлөмдөр" бөлүмүнө өтүңүз.
3. "Которуулар" бөлүмүнөн "MBusiness" пунктун тандаңыз.
4. "Алуучунун эсебинин номуру" тилкесинде 1033020060116608 көрсөтүңүз.
5. "Алуучунун аты" тилкесинде "Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы"көрсөтүлсүн.
6. "Төлөмдүн багыты" тилкесинде сөзсүз түрдө аты-жөнүңүздү жана төлөмдүн багытын көрсөтүңүз (мисалы: адвокаттардын жаңы жылдык балына билеттер үчүн төлөм).
⸻
- Кошумча маалымат алуу үчүн байланыштар:
-Дареги: Бишкек ш., ж. Бөкөнбаев көч., 204, 6-кабат,
- +996 (312) 35-29-97, +996 (502) 24-35-77
- E-mail: info@advokatura.kg
- Сайттын дареги -: www.advokatura.kg
