Урматтуу адвокаттар!

Урматтуу адвокаттар!

 

Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын Адвокаттар кеңеши сиздерди 9-май — Улуу Жеңиш күнү менен чын жүрөктөн куттуктайт!

 

Бул күн — элибиздин тарыхындагы унутулгус, баатырдыкты даңазалаган күн. Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиш — ата-бабаларыбыздын мекенге болгон чексиз сүйүүсүнүн, кайратмандыгынын жана туруктуулугунун жыйынтыгы. Алар өз өмүрүн аябастан, эркиндик жана тынчтык үчүн күрөшүп, кийинки муундарга жарык жана бейпил келечек тартуулашты. 

 

Бүгүн биз ардагерлердин эрдигин терең урмат менен эскерип, алардын элесине таазим этебиз. Баатырдыктын бул даңктуу үлгүсү — азыркы жана келечек муундар үчүн мекенчилдиктин, тайманбастыктын жана эркиндикке болгон умтулуунун түбөлүк символу болуп кала берет.

 

Урматтуу кесиптештер! Сиздер мыйзамдуулук менен адилеттүүлүктү коргоп, коомдо тынчтыкты, тартипти жана туруктуулукту сактоого чоң салым кошуп жатасыздар. Бул — ата-бабалар күрөшкөн баалуулуктардын урматында жүрүп жаткан жоопкерчиликтүү иш.

 

Сиздерге бекем ден соолук, кесиптик ийгиликтерди жана бакубат турмуш каалайбыз!

 

Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын

Адвокаттар кеңеши.