Урматтуу адвокаттар!

Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын Адвокаттар кеңеши сиздерди 5-май — Кыргыз Республикасынын Конституция күнү менен чын жүрөктөн куттуктайт!

 

Конституция — бул элибиздин эркиндигин, укугун жана демократиялык баалуулуктарды кепилдеген негизги мыйзам. Бул күн — мамлекетибиздин эгемендүүлүгүн бекемдеген, жарандардын тең укуктуулугун жана жоопкерчилигин камсыздаган, мыйзамдуулуктун жана адилеттүүлүктүн орношуна жол ачкан маанилүү күн.

 

Урматтуу адвокаттар! Ар бириңиздерге бекем ден соолук,бейпилдик жана бакубат жашоо каалайбыз. Мекенибизде ар дайым адилеттүүлүк, ынтымак жана өнүгүү болсун!

 

Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын  

Адвокаттар кеңеши.