Урматтуу адвокаттар

Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы 64 жашында кесиптешибиз Мирзакаримов Абдивалижон Абдурахимович мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгын өкүнүчтүү билдирет.

Абдивалижон Абдурахимович 2015-жылы Кыргыз Республикасынын Адвокатурасына мүчө болуп, өз ишин Ош облусунун Адвокатурасында жүргүзгөн. Өзүн ак ниеттүү, демилгелүү жана принципиалдуу адвокат катары көрсөткөн.

Маркумдун жакындарына жана туугандарына чын жүрөктөн көңүл айтабыз.

Мирзакаримов Абдивалижон Абдурахимовичтин элеси биздин жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат.

Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы.