Урматтуу адвокаттар!

31-октябрь 2024-жылы Жалал-Абад облусунун адвокаты Назарбаев Болотбек Озубекович катуу оорудан улам 49 жашында дүйнөдөн кайтты. Ал өз өлкөсүнүн жаранына татыктуу, чынчыл жана үлгүлүү юрист катары өмүр сүргөн. Ал өзгөчө эмгекчил, өз ишинин чыныгы профессионалы, жалындуу жана кадыр-барктуу адам болгон. 
Бул аза күтүү күнү Назарбаев Болотбек Озубековичтин туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Бул шайыр адамдын жаркын элеси жүрөгүбүздө сакталат.
 
Кыргыз Республикасынын
Адвокаттар Кеңеши