Улустун улуу күнү кут болсун!
Primary tabs

Урматтуу кесиптештер!
Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын адвокаттар кеңеши сиздерди жаздын жана жаңылануунун майрамы — Нооруз майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайт!
Байыркы замандан бери келе жаткан бул улуу күн жаратылыштын ойгонушун, тиричиликтин жаңылануусун жана аруу тилектердин ишке ашуусун билдирет. Күн менен түн теңелген бул касиеттүү мезгилде элибиздин ынтымагы бекемделип, ар бир үйгө кут конуп, келечекке болгон үмүтүбүз жанданат.
Сиздердин адам укуктарын коргоо, адилеттүүлүктү орнотуу жана мыйзам үстөмдүгүн бекемдөө багытындагы талыкпас эмгегиңиздер ар дайым ийгиликтер менен коштолсун. Адвокаттык коомчулуктун биримдиги артып, өлкөбүздүн өнүгүүсүнө кошуп жаткан салымыңыздар байсалдуу болсун.
Ушул куттуу күнү сиздерге бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана кесиптик жетишкендиктерди каалайбыз. Дасторконуңуздар берекеге, жүрөгүңүздөр кубанычка толсун!
Жаңырган жылыбыз — Нооруз жылы элибизге тынчтык, жерибизге токчулук жана өнүгүү алып келсин!
Терең урматтоо менен,
Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын адвокаттар кеңеши
