Түрк тилдүү Адвокатуралардын Ассоциациясы түзүлдү

2024-жылы 23-24 май күндөрү Түркия мамлекетинин Анкара шаарында Түрк тилдүү мамлекеттердин Адвокатураларынын бирикмесин түзү боюнча конференциясы болуп өттү, Бул жолугушууга Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын Адвокаттар кеңешинин төрайымы Мейил Бегилерова, Азербайжан юристтер ассоциациясынын президентти Анар Багиров, Казакстандын юристтер ассоциациясынын президентти Айдын Бикебаев, Кипр-Түрк адвокаттар Ассоциациясынын президентти Хасан Эсендаглы, Өзбекстан адвокаттар Ассоциациясынын президентти Садиков Шухрат Шакотович, Ашхабад адвокаттар ассоциациясынын президенти Гунча Гараджаевалар тарыхы, маданияты жана географиялык жайгашуусу боюнча бири-бирине жакын, боордош өлкөлөрдүн адвокаттык уюмдары тарабынан жогорку деңгээлде жолугушуу болуп өттү. ​​

Чогулган Адвокатуранын өкүлдөрү түрк тилдүү мамлекеттердин бир туугандыкка таянган кызматташтыкка негизделген достук жана өз ара жардамдашуу үчүн негиз түзүү жана бул багытта биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу максатында адвокаттык уюмдардын эл аралык бирлигин түзүү максатын көздөшкөн.

Жолугушууда төмөнкү маселелер талкууланып, чечилди: Түрк дүйнөсүнүн адвокаттар бирикмесин түзүү маселеси боюнча толук консенсуска келишти.

Бирликти түзүүнүн максаты төмөнкүдөй түрдө аныкталган: түрк дүйнөсүндө адвокаттык кесипти өнүктүрүү, адвокаттык уюмдардын натыйжалуулугун жогорулатуу, адвокаттардын жана укук коргоочу болуп саналган кесипкөй уюмдардын көз карандысыздыгын коргоо жана мыйзам үстөмдүгүнүн принцибин бекемдөө, мүчө уюмдарда катталган адвокаттар менен мүчөлөрдүн ортосундагы натыйжалуу коммуникацияны жана тилектештикти өнүктүрүү үчүн база даярдоо, ар кандай кызматташтыкты  жана арбитраж чөйрөсүндө, адвокаттык кесиптин эл аралык таанылган принциптеринин алкагында мүчөлөрдүн өз өлкөлөрүнүн мыйзамдарын шайкеш келтирүү боюнча аракеттерин колдоо.

Уставды, мындан ары карай жол картасын даярдоо милдети жана ыйгарым укуктары Түркиянын адвокаттар бирикмесине жүктөлдү. Түрк адвокаттар ассоциациясы Уставдын долбоорун жолугушууга катышкан адвокатураларга жөнөтөт жана жазуу жүзүндө жана онлайн жолугушуулар аркылуу жүргүзүлүүчү сүйлөшүүлөрдөн кийин Уставдын тексти кол коюуга даяр болот.

Түзүлүп жаткан структуранын уюштуруу схемасы, анын каржылык компоненттери жана юридикалык жактын статусун алуу сыяктуу маселелер Уставда жөнгө салынышы керек деп кабыл алынган.

Уставга кийинки отурумда кол коюлат жана мекеменин этабы аяктайт, кийинки жолугушууну Азербайжан Республикасында өткөрүү чечими кабыл алынып, кабыл алуучу тарап катары Азербайжандын адвокаттар коллегиясы чыгат.

Бул сапардын алкагында Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын Адвокаттар кеңешинин төрайымы Бегилерова Мейил Адилбековна Түркия Республикасынын Юстиция министри Йылмазу Тунчу мырза менен Түркия мамлекетинин Жогорку кассациалык сотунун төрагасы Омер Керкез мырза менен, ошондой эле, Жогорку Конституциялык сотун төрагасы менен, Жогорку Администрациялык сотунун төрагасы Зекин Йигит мырза менен достук жана кызматташтык жолугушулар болуп өттү.

Жолугушулардын жыйынтыгында Турк тилдүү мамлекеттердин Адвокатураларынын өнүгүүсүн, кызматташуусун жаны баскычтарга чыгаруу оң натыйжасын берет деп белгилешти.