Сот адилеттик үйүнөн адвокаттарга кабинеттер берилди

    24-апрель 2024-жылы Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын адвокаттар кеңешинин төрайымы Бегилерова Мейил Адилбековна Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Базарбеков Замирбек Курамаевич менен жолугушуу болуп өткөн, бул жолугушуда сот тутумунун Адвокатура менен өз ара кесиптик жоопкерчиликти күчөтүү боюнча кызматташуу жөнүндө жана экологиялык укуктарды талкуулоо, сот адилеттигине жетүү боюнча түзүулгөн меморандумдун жоболорун ишке ашырууну, ошондой эле биргеликте активдүү иш жүргүзүү зарылдыгын баса белгилешкен. 
    Мына ушул жолугушудан кийин Кыргыз Республикасынын Жогорку соту Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы менен кызматташуу жөнүндө түзүлгөн меморандумдун алкагында. Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарында Сот адилеттиги үйүнүн имаратынан Жалал-Абад облусунун аймактык Адвокатурасынын адвокаттарына кабинет берилди. Буга чейин Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында алгачкы ачылган Сот адилеттик үйүнөн дагы Ысык-Көл облусунун аймактык Адвокатурасынын адвокаттарына кабинет берилген.
    Сот адилеттик үйүнүн имараттарында адвокаттарга кабинеттердин ачылышы, элге багытталган сот адилеттигинин жана региондун укуктук системасын өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам болуп саналат.
    Бүгүнкү күндө аталган кабинеттерде оңдоо, түздөө иштерин аяктап баардык керектүү техникалык жабдууларды жайгаштырып толук камдуу иштеп башташты.
    Бул аймактык Адвокатуралардын адвокаттары тарабынан элге квалификациялуу юридикалык жардамдын өз убагында жеткиликтүүлүгүн жогорулатат деп белгилейбиз.
    Андыктан, Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын жана адвокаттардын атынан Кыргыз Респубиликасынын Жогорку сотунун төрагасы Базарбеков Замирбек Курамевичге, Жалал-Абад облустук сотунун төрагасы Токтосун уулу Каныбекге жана Ысык-Көл облустук сотунун төрагасы Чериков Нурлан Кийикбаевичге терең ыраазычылык билдиребиз. Сиздердин жооптуу ишиниздерге ийгиликтерди жетишкендиктерди каалайбыз, сот тутуму менен Адвокатуранын ортосундагы кызматташтык мындан ары дагы бекемделип, жаны баскычтарга чыга берсин.