ШКУнун Арбитраждык Юридикалык Форуму өттү

2025-жылдын 25-апрелинде Шанхай кызматташтык уюмунун Арбитраждык Юридикалык Форуму болуп өттү. 

 

Ага Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын төрайымы Бегилерова Мейил Адилбековна жана Кыргыз Республикасынын бир катар мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү, юридикалык коомчулуктун мүчөлөрү катышты.

 

Форумдун негизги максаты – арбитраж жана медиатордук практиканы өнүктүрүү, эл аралык укуктук кызматташтыкты чыңдоо, ишкерлердин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо. 

 

Иш-чарада арбитраждык талаштарды кароодогу жаңы тенденциялар, эл аралык соода талаштарын чечүүдө альтернативдүү ыкмаларды колдонуу, инвестициялык талаштардагы соттук эмес жөнгө салуу процесстери жана арбитраждык институттардын ролу боюнча актуалдуу маселелер каралды. 

 

Форумдун алкагында маанилүү документтерге Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы, Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы жана «Duan&Duan Urumqi» юридикалык фирмасынын ортосунда өз ара кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду.

 

Тараптар бул документ аркылуу эл аралык укуктук алакаларды кеңейтүүгө жол ачышты. 

 

Форум жогорку деңгээлде уюштурулуп, катышуучулар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жана келечектеги кызматташтыктын эшигин ачты.