ОШ ОБЛУСУНУН АДВОКАТТАРЫНЫН ЖАЛПЫ ЧОГУЛУШУ ӨТӨТ

Изображение: 

2026-жылдын 28-ноябрында саат 10:00дө Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын «Ош облусунун Адвокатурасы» филиалынын адвокаттарынын жалпы чогулушу өткөрүлөт.

Өткөрүлүүчү жери: Ош мамлекеттик университетинин башкы корпусу
Дареги: Ош шаары, Алымбек Датка көчөсү, 331

Жалпы чогулуштун күн тартибинде:

1. аймактык адвокатуранын башкармалыгынын отчетун угуу жана бекитүү;

2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын Уставында, Типтүү жободо жана аймактык адвокатура жөнүндө жободо белгиленген жалпы чогулуштун компетенциясына кирген маселелерди кароо;

3. Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын адвокаттар Съездине делегаттарды шайлоо.

Күнү: 28-ноябрь 2026-жыл
Убактысы: 10:00

Телефондор: +996 (312) 35-29-97, +996 (502) 24-35-77
E-mail: info@advokatura.kg
Сайт: www.advokatura.kg

Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы