Орозо Айт маарек болсун!

Изображение: 

Урматтуу кесиптештер, кадырлуу адвокаттар!

Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын адвокаттар кеңеши сиздерди — Орозо Айт майрамыңыздар менен чын дилден куттуктайт!

Бул ыйык майрам — руханий тазалануунун, кайрымдуулуктун жана сабырдуулуктун белгиси. Коомубузда адилеттүүлүктү орнотууда жана мыйзамдуулукту коргоодо сиздердин аткарган ишиңиздер абдан жооптуу жана сыймыктуу. Сиздердин бул багыттагы кажыбас кайратыңыздар жана кесипкөйлүгүңүздөр өлкөбүздүн өнүгүүсүнө кошулган чоң салым болуп эсептелет.

Ушул куттуу күнү ар бириңиздердин жашооңуздарга бейпилдик, береке жана ынтымак каалайбыз. Кармаган орозоңуздар жана жакшы ниеттериңиздер кабыл болсун! Ар дайым жүрөгүңүздөрдө адилеттүүлүктүн оту жанып, ишиңиздерди ийгиликтер коштосун.

Майрамыңыздар кут болсун, урматтуу кесиптештер! Элибизде тынчтык, жерибизде токчулук болсун!

Терең урматтоо менен,
Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын адвокаттар кеңеши