Нооруз майрамыңыздар кут болсун!

Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын адвокаттар кеңеши жалпы адвокаттарды Нооруз майрамы менен куттуктайт!  

 

Нооруз – бул жаңылануунун, биримдиктин жана жарык келечекке болгон үмүттүн майрамы. Ата-бабаларыбыздан мураска калган бул ыйык күн эл арасында ынтымакты бекемдеп, тынчтык менен молчулукту билдирет.  

 

Ар бириңиздерге чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт, кесиптик ийгиликтер жана калаган максатыңыздарга жетүү үчүн туруктуулук каалайбыз! Улустун улуу күнүнөн баштап бардык ишиңиздерде албан жетишкендиктер коштоп, адилеттүүлүк жолундагы аракеттериңиз мындан ары да өз жемишин берсин!  

 

Элибизде дайыма тынчтык өкүм сүрүп, мамлекетибиз өсүп-өнүгүп, мыйзам үстөмдүгү бекемделсин!  

 

Нооруз майрамыңыздар кут болсун!