Некролог
Primary tabs
Submitted by Для доступа к ф... on 11.12.2025 - 14:37
Изображение:

Нарын Аймактык Адвокатурасынын адвокаты
Жумалиев Туратбек Сыражидинович дүйнөдөн кайткандыгын терең кайгыруу менен билдиребиз
Туратбек Сыражидинович 1961-жылы Нарын шаарында төрөлгөн жана 2016-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын мүчөсү болуп келген. Ал адамдарга татаал кырдаалдарда юридикалык жардам көрсөтүп, алардын укуктарын коргоого чын жүрөктөн кызмат кылган. Анын адилеттүүлүгү, адамгерчилиги жана кесипке берилгендиги кесиптештеринин терең урматына жана жарандардын ишенимине ээ болгон.
Кесиптешибиздин үй-бүлөсүнө, жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.
Анын жаркын элеси жана жасаган жакшылыктары жүрөгүбүздө түбөлүк сакталат.
Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы.
