Нарын обласытынын Адвокатурасынын жалпы чогулуш болуп өттү
Primary tabs

2026-жылдын 28-мартында Нарын областынын Адвокатурасынын адвокаттарынын жалпы чогулушу болуп өттү. Иш-чаранын негизги максаты — аймактагы адвокаттык ишмердүүлүктүн абалы менен таанышуу жана башкаруу органдарынын жаңы курамын шайлоо.
Жыйындын күн тартибине ылайык, Нарын облусунун Аймактык Адвокатурасынын төрагасын жана башкаруу кеңешинин мүчөлөрүн шайлоо өткөрүлдү. Добуш берүүнүн жыйынтыгында:
Сыдыкова Камзад Бейшеновна — Нарын облусунун Адвокатурасынын төрагасы болуп шайланды;
Ишенова Асель Шаршенбековна — Башкаруу кеңешинин мүчөсү болуп шайланды.
Бул жалпы чогулуш Кыргыз Республикасынын «Аймактык Адвокатурасы жөнүндө» типтүү жобосунун 6.2 жана 6.3-беренелерине ылайык уюштурулду. Жобого ылайык, уюштуруу комитетинин милдетин Адвокаттар кеңеши аткарып, жалпы чогулуштун өткөрүлүшүн камсыз кылды.
Мындан сырткары, сапардын алкагында Адвокатура менен жергиликтүү бийлик органдарынын жана сот тутумунун ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо маселелери талкууланды. Бул өз ара аракеттенүү аймактагы укуктук жардамдын сапатын жогорулатууга жана жарандардын укуктарын коргоо механизмдерин жакшыртууга багытталган.
Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы
