Маалымат

Изображение: 

Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы кесиптешибиз, адвокат Касымов Али Османовичтин мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгын терең кайгыруу менен кабарлайт.  

 

Али Османович 2015-жылдын 4-февралынан тарта Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын мүчөсү болуп келген. 

 

 Биз анын өлкөдөгү адилеттүүлүктү бекемдөөгө салым кошкон адвокаттык коомчулуктун татыктуу өкүлү катары эскеребиз. 

 

Касымов Али Османовичтин жаркын элеси биздин жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат. 

 

 Маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына чын жүрөктөн көңүл айтабыз.

 

 Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын адвокаттар кеңеши.