Маалымат

Кыргыз Республикасынын Бишкек шаардык аймактык Адвокатурасынын адвокаты Абдылдаев Кубаныч Кодоевич дүйнөдөн кайтты.

Кубаныч Кодоевич  1961-жылдын 15-январында туулган. Ал Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын мүчөсү катары 2015-жылдын 11-мартынан тарта өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келген.

Өзүнүн кесиптик ишинде Кубаныч Кодоевич көптөгөн жарандарга юридикалык жардам көрсөтүп, акыйкаттуулуктун орношуна чоң салым кошкон. 

Абдылдаев Кубаныч Кодоевичтин дүйнөдөн кайткандыгы — Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана жалпы юридикалык коомчулук үчүн орду толгус жоготуу болуп калды.

Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын адвокаттар кеңеши маркумдун жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Кесиптешибиздин жаркын элеси биздин жүрөгүбүздө түбөлүк сакталат.

Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын адвокаттар кеңеши.