Маалымат
Primary tabs
Submitted by Для доступа к ф... on 28.07.2025 - 16:15
Кесиптешибиз, адвокат Мамытов Жумабектин мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгын терең кайгыруу менен маалымдайбыз.
Ал 1953-жылдын 14-августунда төрөлгөн. 2015-жылдын 26-мартынан тартып Мамытов Жумабек Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын мүчөсү болуп, Ысык-Көл аймактык Адвокатурасында адвокаттык ишмердүүлүгүн жүргүзүп келген.
Анын дүйнөдөн кайткандыгы — жалпы юридикалык коомчулук үчүн оор жана орду толгус жоготуу болду.
Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы Жумабек Мамытовдун үй-бүлөсүнө, туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.
Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын адвокаттар кеңеши.