Маалымат
Primary tabs
Чүй областынын Адвокатурасынын адвокаттарынын жалпы чогулушу 2025-жылдын 28-апрелине белгиленди.
Өткөрүлүүчү жери: Кыргыз Республикасынын соода- өнөр жай палатасы
720001, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Киев көч., 107.
Адвокаттарды каттоо убактысы: 14:00 - 15:00 саат.
Чогулуштун башталышы: 15:00 саат.
Күн тартиби:
1) Чүй областынын Адвокатурасынын башкармалыгынын отчетун бекитүү.
2) Чүй областынын Адвокатурасынын башкармалыгынын төрагасын, анын орун басарын жана башкармалыгынын мүчөлөрүн шайлоо.
3) Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын адвокаттарынын Съездине алып чыгуучу уставдык документтерди талкуулоо.
4) Адвокаттардын Съездинде мүчөлүк төгүмдөрдүн өлчөмүн аныктоону талкуулоо.
5) Адвокаттардын Съездине делегаттарды шайлоо.
Чүй областынын Адвокатурасынын бардык адвокаттарынын келүүсү милдеттүү.