Кытайдын Укук коомунун жетекчилиги менен жолугушуу

Изображение: 

2026-жылдын сентябрь айында Кытайдын Укук коому (China Law Society) уюштурган China Forum on International Legal Cooperation форумунун алкагында Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын Адвокаттар кеңешинин төрайымынын орун басары Асель Джаманкулова China Law Society уюмунун партиялык тобунун катчысы жана аткаруучу вице-президенти, Бүткүл Кытай Эл өкүлдөр жыйынынын Туруктуу комитетинин мүчөсү Ван Хунсян менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууда тараптар эл аралык укуктук кызматташтык маселелерин жана Кыргызстан менен Кытайдын юридикалык коомдоштуктарынын өз ара кызматташуусунун келечегин талкуулашты. Анын ичинде кесиптик байланыштарды өнүктүрүү, тажрыйба алмашуу жана биргелешкен иш-чараларды өткөрүү мүмкүнчүлүктөрү каралды.

Ошондой эле форумдун жүрүшүндө Асель Джаманкулова жабылуу аземинде сөз сүйлөп, Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын тажрыйбасын тааныштырды.

Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы адвокаттык кесипти бекемдөө максатында эл аралык байланыштарды мындан ары да өнүктүрүүгө ниеттенет.