Кыргызстан менен Франциянын адвокаттар коомчулугу кызматташтыкты бекемдейт

Изображение: 

2026-жылдын 3-мартында Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын Адвокаттар кеңешинин төрайымы Бегилерова Мейил Адилбековна Франция Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Николя Фай мырза менен  жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн укуктук системаларынын ортосундагы байланышты чыңдоо жана адвокатура тармагындагы заманбап чакырыктарды талкуулашты. Ошондой эле, адвокаттар ортосунда тажрыйба алмашуу, кесиптик билимди жогорулатуу жана укуктук кызматташтыкты кеңейтүү боюнча пикир алышуу болду.

Төрайым Мейил Бегилерова кыргыз тарап эл аралык өнөктөштөр менен кызматташууга ар дайым ачык экенин белгилеп, Франциянын колдоосу Адвокатура институтун реформалоодо маанилүү экенин кошумчалады. Өз кезегинде, Элчи Николя Фай мырза Кыргызстандагы укуктук мамлекетти чыңдоо жана адам укуктарын коргоо жаатындагы демилгелерди кубаттай турганын билдирди.

"Бул жолугушуу – эки өлкөнүн адвокаттар коомчулугунун ортосундагы узак мөөнөттүү жана жемиштүү кызматташтыктын жаңы барагын ачат", - деп белгиленди жолугушуунун соңунда.

Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы