Кыргызстан – Кытай: адвокатуралардын кызматташтыгы

Изображение: 

Бүгүн, 28-октябрда, Кыргыз Республикасынын Адвокаттар кеңешинин төрайымы Белилерова Мейил Адилбековна жана анын орун басары Джаманкулова Асель Анаркановна Кытай Эл Республикасынын Адвокаттар Ассоциациясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүштү.

 Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки тарап Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы менен Кытай Эл Республикасынын Адвокаттар Ассоциациясынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумдун долбоорун талкуулашты жана эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн карашты.

 Жолугушуу кесиптик байланыштарды бекемдөө, укуктук өнөктөштүктү өнүктүрүү, тажрыйба алмашуу жана адвокаттык стандарттарды жакшыртуу багытындагы маанилүү кадам болуп калды.

Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы.