Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленумунун токтомдору кабыл алынды
Primary tabs

2025-жылдын 3-октябрь күнү Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленумунун кезектеги жыйыны өттү. Жогорку соттун маанилүү иш-чарасына Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын төрайымы Бегилерова Мейил Адилбековна, Башкы прокуратуранын, Юстиция министрлигинин жана укук коргоо органынын өкүлдөрү катышты.
Пленумда кабыл алынган токтомдор:
1. Экологиялык коопсуздукка жана жаратылыш чөйрөсүнө каршы кылмыштар боюнча кылмыш иштерин соттор тарабынан кароонун өзгөчөлүктөрү;
2. Административдик, жарандык жана экономикалык иштер боюнча кайтадан (жаңыдан) ачылган жана жаңы жагдайлар боюнча соттук актыларды кайра кароо жөнүндө арыздарды кароонун тартиби тууралуу;
3. Көп батирлүү турак жай курулушуна үлүштүк катышуу чөйрөсүндөгү талаш-тартыштарды кароого байланышкан жарандык жана экономикалык иштер боюнча соттук практика жөнүндө;
4. Балдардын жасаган кылмыштары жөнүндө иштер боюнча соттук тажрыйба тууралуу.
Аталган токтомдор Кыргызстанда сот адилеттигин ишке ашырууда бирдиктүү соттук практиканы орнотууга жана укук тармагын жакшыртууга өбөлгө түзөт.
Кабыл алынган токтом тууралуу Жогорку соттун сайтынан таанышсаңыздар болот.
Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы.