Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунда Эгемендүүлүк күнүнө арналган сыйлык тапшыруу аземи өттү
Primary tabs
Бүгүн, 2025-жылдын 2-сентябрында, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунда өлкөбүздүн Эгемендүүлүк күнүнө арналган салтанаттуу ведомстволук сыйлыктарды тапшыруу аземи болуп өттү.
Конституциялык соттун ишин өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, ак ниет кызмат өтөөсү жана активдүү кызматташтыгы үчүн мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, сот системасынын жана жарандык сектордун өкүлдөрү жогорку сыйлыктарга татыктуу болушту.
Анын ичинен Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын Адвокаттар кеңешинин төрайымы Мейил Адилбековна Бегилерова Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун “Кызматташтык үчүн” медалы менен сыйланды.
Салтанатта Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасы Эмиль Жолдошевич Осконбаев сыйлоо аземи — Конституциянын үстөмдүгүн бекемдөөгө жана көз карандысыз сот бийлигин колдогон адамдарга болгон урмат-сыйдын белгиси экенин белгиледи.
Бул салтанат Конституциялык соттун ишине салым кошкондорду баалоо менен катар, укук үстөмдүгүн жана көз карандысыз сот бийлигин бекемдөөнүн маанилүүлүгүн дагы бир жолу тастыктады.