Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотуна 35 жыл!

Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын адвокаттар кеңеши Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун түзүлгөндүгүнүн 35 жылдыгы менен чын жүрөктөн куттуктайт! 

 

Конституциялык сот мамлекетибиздин демократиялык өнүгүшүндө, мыйзамдуулукту жана Конституциянын үстөмдүгүн камсыз кылууда зор салым кошуп келет. Соттун ар бир чечими коомдо мыйзамдуулук менен адилеттүүлүктүн негизги тиреги болуп саналат.

 

  Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун 35 жылдыгына арналган «Жаңы демократиядагы өлкөлөрдө конституциялык сот адилеттигинин калыптанышы»  аттуу эл аралык конференция өтүүдө. Аталган конференциянын ийгиликтүү өтүүсүн жана жалпы конституциялык сотторго, кызматкерлерине бекем ден соолук, жооптуу ишиңиздерде туруктуу ийгиликтерди, өлкөбүздүн укуктук түзүмүн өркүндөтүү багытындагы ишмердүүлүгүңүздөрдө жаңы жетишкендиктерди каалайбыз. Мыйзам үстөмдүгү бекемделип, ар бир жарандын укугу жана эркиндиги ыйык сакталган адилеттүү коом куруу жолундагы аракеттериңиздер улана берсин!

 

 35 жылдык мааракеңиздер кут болсун!

 

Урматтоо менен,

Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын адвокаттар кеңеши.