Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын Адвокатурасынын адвокаттарынын жалпы чогулушу өттү
Primary tabs
2025-жылдын 27-апрелинде саат 10:00дө Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын Адвокатурасынын адвокаттарынын жалпы чогулушу Кыргыз-Орус Славян университетинде болуп өттү.
Бишкек шаардык Адвокатурасынын адвокаттарынын жалпы чогулушуна 420 адвокат катталып, кворум камсыздалды.
Чогулуш Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын Адвокаттар кеңешинин төрайымы Бегилерова Мейил Адилбековнанын, аймактык Адвокатуранын Башкармалыгынын мүчөлөрүнүн жана уюштуруу комитетинин катышуусунда өттү.
Жалпы чогулушка Бишкек шаардык Адвокатурасынын төрайымы Абышкаева Назира Орозобековна модераторлук кылды.
Добуштардын басымдуу бөлүгү менен төмөнкү маселелер күн тартибине бекитилди:
1. Аймактык Адвокатуранын Башкармалыгынын отчетун бекитүү;
2. Адвокаттардын съездине делегаттарды шайлоо;
3. Ар кандай маселелерди кароо.
Жалпы чогулуштун жыйынтыгында Бишкек шаардык Адвокатурасынын Башкармалыгынын отчету бекитилип, Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын алдыдагы адвокаттар съездине делегаттар шайланды.
Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы.