Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын спорттук иш-чаралары

Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы, борбордук мамлекеттик архивде сакталган маалыматтардын негизинде Кыргыз адвокатурасы Кара-Кыргыз автономиялуу областы РСФСР курамында түптөлгөн кундөн баштап түзүлгөн деп эсептелинет. Биринчи жактоочулар коллегиясы Кара-Кыргыз автономилялык Революциялык комитеттинин №45 токтомунун негизинде 1-март 1925 жылы түзүлгөн, Президиумдун олтурумунун төрагасы Т.Айдаралиев кол койгон деп көргөзүлгөн. Андыктан үстүбүздөгү 2025 - жылы Кыргыз Республикасыны Адвокатурасы (Биринчи жактоочулар коллегиясы) өзүнуүн негизделгендигинин 100 жылдыгын жана быйыл 2024-жылы Кыргыз Республикасынын Адвокатураснын түптөлгөнүнүн 10-жылдыгын белгилеп жаткандыгын билдиребиз.  Мына ушуга байланыштуу биз Кыргыз Республикасынын адвокаттарынын арасында спорттук иш-чараларды, өткөрүүнү демилгелегенбиз.

         Жогору айтылгандын негизинде сиздерди 2024-жылдын 13-июлунун саат 09:00дө боло турган спорттук иш-чаралардын ачылышына чакырабыз.

         Иш-чаралар төмөнкү спорт түрлөрү боюнча болот:

         -волейбол ( саат 10:00до, Бишкек ш., Чынгыз Айтматов пр. 66);

         -футбол ( саат 10:30да, Бишкек ш. Московская көч., 174);

         -шахмат ( саат 13:00до, Бишкек шаары, Советская көч., 132).