Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын ишмердүүлүгү жөнүндө маалымдуулукту жогорулатуу алкагында студенттер жана жаш юристтер үчүн үзгүлтүксүз конок лекциялары өткөрүлүп турат
Primary tabs

23-мартта Кыргызстандын Эл аралык университетинин юридикалык факультетинин студенттери үчүн «Кыргыз Республикасынын Адвокатура институту: чакырыктар жана жетишкендиктер» деген темада лекция өтүлдү.
Спикер катары Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын адвокаттар кеңешинин төрайымынын орун басары Асель Джаманкулова чыгып, Адвокатуранын өнүгүүсү, жарандардын укуктарын камсыздоодогу ролу, ошондой эле заманбап реформалар жана адвокаттардын кесиптик ишмердүүлүгүндөгү негизги чакырыктар тууралуу кеңири айтып берди.
Өзгөчө көңүл Адвокатуранын көз карандысыздыгы, кесиптик этика жана юридикалык жардамдын сапатын жогорулатуу маселелерине бурулду.
Мындай жолугушуулар укуктук маданиятты калыптандырууга, студенттердин кесиптик багыт алуусуна жана академиялык коомчулук менен практик юристтердин ортосундагы байланышты чыңдоого өбөлгө түзөт.
Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы
