Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын филиалдары, Аймактык Адвокатуралардын жалпы чогулуштары жөнүндө маалымат
Primary tabs
2025-жылдын 26-29-30-апрель күндөрү Ысык-Көл облусунун, Нарын облусунун жана Талас облусунун Аймактык Адвокатураларынын адвокаттарынын жалпы чогулуштары өттү.
Жалпы чогулуштарга Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын Адвокаттар Кеңешинин төрайымы Бегилерова Мейил Адилбековна, Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын Адвокаттар кеңешинин төрайымынын орун басары Джаманкулова Асель Анаркановна катышты. Ошондой эле, Ысык-Көл облусунун жалпы чогулушуна Кыргыз Республикасынын Адвокаттар Кеңешинин мүчөсү Султанов Тимур Султанович да катышты.
Атап айтканда:
– Ысык-Көл облусунун адвокаттарынын жалпы чогулушу 2025-жылдын 26-апрелинде саат 12:00дө;
– Нарын облусунун адвокаттарынын жалпы чогулушу 2025-жылдын 29-апрелинде саат 12:00дө;
– Талас облусунун адвокаттарынын жалпы чогулушу 2025-жылдын 30-апрелинде саат 12:00дө болуп өттү.
Чогулуштардын күн тартибинде төмөнкү маселелер каралды:
1. Аймактык Адвокатуранын башкармалыгынын отчётун бекитүү.
2. Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын Адвокаттарынын съездине чакырыла турган уставдык документтерди талкуулоо.
3. Адвокаттардын съездинде мүчөлүк төгүмдөрдүн өлчөмүн аныктоону талкуулоо.
4. Адкокаттардын съездинде делегаттарды шайлоо.
5. Ар кандай маселелерди талкулоо.
Жалпы чогулуштар Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын Уставына ылайык жана регламенттин чегинде өткөрүлүп, белгиленген күн тартибиндеги маселелердин бардыгы каралып, тиешелүү чечимдер кабыл алынды.
Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы.