Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын филиалдары, Аймактык Адвокатуралардын жалпы чогулуштары жөнүндө маалымат
Primary tabs
2025-жылдын 18-19-20 апрель күндөрү Жалал-Абад облусунун, Ош облусунун, Ош шаарынын жана Баткен облусунун Аймактык Адвокатураларынын адвокаттарынын жалпы чогулуштары өттү.
Жалпы чогулуштар Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын Адвокаттар Кеңешинин төрайымы Бегилерова Мейил Адилбековнанын, Кыргыз Республикасынын Адвокаттар Кеңешинин мүчөлөрү, Кадырова Айжан Аалыевнанын жана Адигинеев Замирбек Каныбековичтин катышуулары менен өттү.
Атап айтканда:
– Жалал-Абад облусунун адвокаттарынын жалпы чогулушу 2025-жылдын 18-апрелинде саат 15:00дө,
– Ош облусунун адвокаттарынын жалпы чогулушу 2025-жылдын 19-апрелинде саат 10:00дө,
– Ош шаарынын адвокаттарынын жалпы чогулушу 2025-жылдын 19-апрелинде саат 15:00дө,
Баткен облусунун адвокаттарынын жалпы чонулушу 20-апрелинде саат 12:00дө болуп өттү.
Чогулуштардын күн тартибинде төмөнкү маселелер каралды:
1. Аймактык Адвокатуранын башкармалыгынын отчётун бекитүү.
2. Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын Адвокаттарынын съездине чакырыла турган уставдык документтерди талкуулоо.
3. Адвокаттардын съездинде мүчөлүк төгүмдөрдүн өлчөмүн аныктоону талкуулоо.
4. Адкокаттардын съездинде делегаттарды шайлоо.
5. Ар кандай маселелерди талкулоо.
Жалпы чогулуштар Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын Уставына ылайык жана регламенттин чегинде өткөрүлүп, белгиленген күн тартибиндеги маселелердин бардыгы каралып, тиешелүү чечимдер кабыл алынды.
Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы.