КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АДВОКАТУРАСЫНЫН АДВОКАТТАРЫНЫН IV КЕЗЕКТЕГИ СЪЕЗДИ ӨТТҮ
Primary tabs
2025-жылдын 17-майында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын Адвокаттарынын IV кезектеги Съезди болуп өттү.
Иш-чаранын расмий бөлүгү Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Гимни менен ачылып, андан соң Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын Адвокаттар кеңешинин төрайымы Мейил Адилбековна Бегилерова жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары Орозбек Кадырбекович Сыдыков ачылыш сөздөрүн сүйлөштү.
Съезддин ишине 152 делегат катышып, кворум камсыздалды.
Катчылык жана эсептөө комиссиясы шайлангандан кийин күн тартиби бекитилди.
Талкууга коюлган маселелер боюнча төмөнкүдөй чечимдер кабыл алынды:
1. Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын Адвокаттар кеңешинин 2024-жылдын февралынан 2025-жылдын апрелине чейинки ишмердүүлүгү боюнча отчету угулуп, талкууланып жана бекитилди. Финансылык отчетту төрайым Мейил Адилбековна Бегилерова, ал эми жалпы ишмердүүлүк боюнча отчетту төрайымдын орун басары Асель Анаркановна Джаманкулова сунуштады.
2. Этика боюнча комиссиянын 2024-жылдагы ишмердүүлүгү боюнча отчету анын төрайымы Салима Шейшеновна Белекова тарабынан сунушталып, кабыл алынды. Ошондой эле комиссиянын мүчөсү Чолпон Замирбековна Джумабаева 2024-жылдагы тартиптик практика боюнча аналитикалык презентация жасады.
3. Текшерүү комиссиясынын 2024-жылдагы отчету анын төрагасы Орозалы Шамшиевич Мамаев тарабынан сунушталып, өзгөртүүлөр менен бекитилди.
4. Адвокатуранын Уставын өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен бекитүү маселеси добуш берүүдө көпчүлүк тарабынан колдоого алынган жок.
5. Адвокаттардын кесиптик этикасынын кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен кошо бекитүү тууралуу чечим кабыл алынды.
6. Этика боюнча комиссия жөнүндө Жобо өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен кошо бекитилди.
7. Мүчөлүк төлөмдөрдүн өлчөмүн 500 сомго чейин жогорулатуу жана жаңы төлөө тартибин белгилөө тууралуу чечим кабыл алынды. Эми адвокаттар төлөмдөрдүн 100%ын Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын эсептик эсебине которушат.
8. Адвокаттар кеңешинин мүчөлөрүнө, этика комиссиясынын жана текшерүү комиссиясынын адвокат-мүчөлөрүнө төлөнүүчү сый акынын өлчөмүн аныктоо маселеси күн тартибинен алынып салынды.
9. Адвокаттар кеңешинин төрайымына төлөнүүчү сый акынын өлчөмү каралып, аны 100 000 сомго чейин көтөрүү тууралуу чечим кабыл алынды.
Кошумча билдирүүлөр:
Съезддин алкагында Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын алдындагы Адвокаттардын окуу борборунун директору Венера Мурзаевна Болтобаева үзгүлтүксүз билим берүү жана квалификацияны жогорулатуу маселелери боюнча маалымат берди.
Съезд жогорку уюшкандыкта өтүп, Кыргыз Республикасынын Адвокатура системасын өркүндөтүүгө багытталган маанилүү чечимдер кабыл алынды. Делегаттардын активдүү катышуусу, сунуш-пикирлери жана ачык-айкын талкуулары съезддин маанисин арттырды.
Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын Адвокаттар кеңеши.