КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АДВОКАТУРАСЫНЫН 2024-2026 ЖЫЛГА ЧЕЙИНКИ ЧЫККАН СТРАТЕГИЯЛЫК ПЛАНЫ

Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын стратегиялык планын иштеп чыгуу үчүн өткөрүлгөн иш-чара жөнүндө маалымат.

Аталган иш-чара 2024-жылы 30-31 май айында Аламудун району, Кашка-Суу  айылы «Олив Ала-Арча» мейманканасында болду.

Иш-чаранын сүрөттөлүшү:

    2024-жылдын 30-31-май айында Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын башкаруу органы, Этика боюнча комиссиясы, Текшерүү комиссиясы, ошондой эле баардык аймактык Адвокатуралардын башкаруу органдары жана адвокаттардын Окуу борбору үчүн эки күндүк сессия өткөрүлдү.  Иш-чаранын башкы максаты 2024-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын Адвокатурасын өнүктүрүүнүн стратегиялык планынын долбоорун иштеп чыгуу болду. Иш-чаранын демилгечилери болуп Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын Адвокаттар кеңеши,  төрайымы  М. А. Бегилерова, орун басары А. А. Джаманкулова, кеңештин мүчөсү А. А. Кадырова болушту.

Иш-чаранын уюштуруучулары жана өнөкөштөрү:

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын Адвокаттар кеңешини жана ЮСАИД "Укук булагы" долбоорунун каржылык көмөктөшү менен өттү, "Укук булагы" долбоорунун атынан А. С. Касымбеков, 4 компонентинин жетекчиси Д. А. Молдошева жана У. Ш. Мамбеталиев катышты.

Жолугушуунун модераторлору:

- Кыргызстандын юридикалык клиникалар ассоциациясынын президенти А. Ж. Бакиров.

- «Смарт Жаран» ассоциациянын Директору Э. М. Убышева.

Негизги иш-чаралар жана жыйынтыктар:

Ачылыш сөз Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын Адвокаттар кеңешинин төрайымы М. А. Бегилерова жана "Укук булагы" долбоорунун 4 компонентинин жетекчиси Д. А. Молдошевага берилди. Алар өз сөзундө Адвокатураны туруктуу өнүктүрүү үчүн стратегиялык пландаштыруунун маанилүүлүгүн баса белгилешти, планды иштеп чыгууда эске алуу зарыл болгон негизги аспектилерди, анын ичинде инновацияларды, адвокаттардын кесиптик өнүгүүсүн жана юридикалык жардам көрсөтүүнүн стандарттарын жогорулатууну белгилешти.

Панелдик дискуссиялардын сериясы өткөрүлдү, анда Адвокатуранын алдында турган учурдагы көйгөйлөр жана чакырыктар, ошондой эле аларды чечүүнүн жолдору талкууланды. Аймактык Адвокатуралардын башкаруу органдарынын өкүлдөрү иш-чаранын эксперттери менен биргеликте дискуссияларга активдүү катышышты.

Катышуучулар стратегиялык пландын ар кандай багыттары боюнча конкреттүү сунуштарды жана рекомендацияларды иштеп чыгуу үчүн 5 жумушчу топко бөлүнүштү. Ар бир топ адвокаттардын квалификациясын жогорулатуу, инфраструктураны модернизациялоо, юридикалык кызматтардын сапатын жакшыртуу жана мамлекеттик органдар менен өз ара кесиптик жоопкерчиликти, кызматашууну күчөтүү сыяктуу өзүнчө тармакка багытталган.                

Сессиянын жүрүшүндө ар бир жумушчу топ өз сунуштарын жана сунуштамаларын беришти. Талкуулар конструктивдүү атмосферада өттү, бул сунушталган идеяларды тактоого жана толуктоого мүмкүндүк берди. Берилген маалыматтардын негизинде стратегиялык пландын долбоорунун негизги жоболору иштелип чыккан.

Эки күндүк сессия жакынкы жылдарга Кыргыз Республикасынын Адвокатурасын өнүктүрүүнүн натыйжалуу жана келечектүү планын түзүүгө карай маанилүү кадам болуп калды. Бардык катышуучулардын активдүү катышуусу жана өз ара аракеттенүүсү профессионалдуулукту жогорулатууга, кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатууга жана бүтүндөй системанын туруктуу өнүгүшүнө багытталган Адвокатуранын келечеги боюнча биргелешкен көз карашты иштеп чыгууга мүмкүндүк берди.                Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы бардык катышуучуларга кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирет жана 2024-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын Адвокатурасын өнүктүрүүнүн стратегиялык планынын негизин ишке ашырууда мындан аркы жемиштүү кызматташууга үмүттөнөт.

        Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тыянактар:

        1. Стратегиялык планды иштеп чыгуу:

Жолугушуунун негизги жыйынтыгы 2024-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын Адвокатурасын өнүктүрүүнүн стратегиялык планын ишке ашыруунун деталдуу планынын долбоорун түзүү болду. Катышуучулар пландын акыркы версиясына киргизиле турган негизги багыттарды жана милдеттерди аныкташты. Сыяктуу: 

1.Институционалдык туруктуулукка жетишүү;

2.Адвокаттын кесиптик статусун жогорлатуу;

.3Адвокаттардын кесиптик этиканын ченемдерин сактоосунун ченемдик укуктук жана институттук негиздерин күчөтүү.

2. Сунуштар жана рекомендациялар:

Катышуучулар беш топто иштеп жатып, Адвокатуранын ишмердүүлүгүнүн ар кандай аспектилерин жакшыртуу боюнча конкреттүү сунуштарды жана сунуштамаларды иштеп чыгышты.

3. Конструктивдүү талкуу:

Катышуучулардын бардык сунуш кылынган идеялары жана сунуштары конструктивдүү атмосферада кылдат талкууланды, бул планды колдонууга жарактуу жана натыйжалуу кылуу менен аларды тактоого жана толуктоого мүмкүндүк берди.

4. Биргелешкен өнүгүү көз карашы:

Сессиянын жүрүшүндө профессионалдуулукту, көрсөтүлгөн кызматтардын сапатын жогорулатууга жана туруктуу өнүгүүгө багытталган Адвокатуранын келечеги боюнча биргелешкен көз карашка жетишилди. Бул көрүнүш стратегиялык планды ишке ашыруу үчүн негиз болуп берет. Мунун баары Кыргыз Республикасынын Адвокатурасын жакынкы жылдары андан ары өнүктүрүү үчүн негиз салган өткөрүлгөн жолугушуунун маанилүүлүгүн баса белгилейт.