Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы Жогорку соттун жетекчилиги менен жолугушту.
Primary tabs
13-март 2025-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун имаратында Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын өкүлдөрү менен Жогорку соттун жетекчилигинин жумушчу жолугушуусу болуп өттү.
Адвокатурадан жолугушууга
- Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын адвокаттар кеңешинин төрайымы - Бегилерова Мейил Адилбековна;
- Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын адвокаттар кеңешинин төрайымынын орун басары -Джаманкулова Асель Анаркановна ;
- Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын адвокаттар кеңешинин мүчөсү - Кадырова Айжан Аалыевна катышты.
Жогорку соттун өкүлдөрү:
- Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы - Сатыев Медербек Асанбекович;
- Төраганын жазык иштери боюнча орун басары – Мусаев Нурлан Алишерович;
- Төраганын жарандык жана экономикалык иштер боюнча орун басары
– Камчыбеков Шералы Равшанович
- Төраганын административдик иштер боюнча орун басары Бакирова Нургуль Жакиповна;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын кеңешчиси– Мырзалимов Руслан Муратбекович.
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинен
- Юстиция министринин орун басары - Сыдыков Орозбек Кадырбекович;
- Аталган министрликтин Нотариат, юридикалык жактарды каттоо жана апостилдөө башкармалыгынын башчысы - Абакирова Асель Мырзакановна,
- Юридикалык ишмердүүлүктү лицензиялоо жана стандарттар бөлүмүнүн башчысы - Озеров Мелис Калыбекович катышты.
Жыйында талкууланган маселелер:
– Адвокаттар менен сот системасынын ортосундагы өз ара иштешүүнү жакшыртуу;
– Жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоонун натыйжалуулугун жогорулатуу;
– Адвокаттардын кесиптик этика стандарттарын сактоо жана өнүктүрүү.
– Адвокаттык иштин кепилдиктерин чыңдоо;
Тараптар сот адилеттигинин сапатын жогорулатуу, укуктук жардамга жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу жана адвокаттык этиканын жогорку стандарттарын сактоо үчүн тыгыз кызматташуунун жана системалуу диалогдун маанилүүлүгүн баса белгилешти.